Жардам берүү

Дария Нуру

Үй-бүлөлөргө жардам

Балаңызга оор диагноз коюлса — сиз жалгыз эмессиз. Биз оор дартка кабылган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам беребиз: дарылоонун, дары-дармектин жана реабилитациянын чыгымдарын жабууга көмөктөшөбүз, ошондой эле кайда кайрылуу керектигин түшүнүүгө жардам беребиз. Биз өзүбүз ушул жолду басып өткөнбүз, ошондуктан диагноз коюлган биринчи күндөрдө кандай оор экенин билебиз.

Кантип арыз берүү керек

  1. Форманы толтуруңуз ушул бетте же бизге WhatsApp аркылуу жазыңыз. Атыңызды, телефонуңузду, шаарыңызды жана эмне болгонун, кандай жардам керек экенин кыскача жазыңыз.
  2. Биз сиз менен байланышабыз, абалды тактайбыз жана керектүү документтерди сурайбыз.
  3. Чогуу чечебиз, кандай жардам керек жана фонд эмне кыла алат.

Кандай документтерди даярдоо керек

  • Диагноз тууралуу маалымкат же оорукандан чыгаруу баракчасы (выписка).
  • Клиниканын эсеби же дарылоонун сметасы (баасы).
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-эненин паспорту.
  • Байланыш маалыматтары: телефон, WhatsApp, дарылап жаткан дарыгердин байланышы (мүмкүн болсо).

Документтердин баары азыр колуңузда жок болсо да — кайрыла бериңиз. Эмнеден баштоону чогуу ойлонобуз.

Андан ары эмне болот

Арызыңызды кылдаттык менен карап чыгабыз жана сиз менен байланышабыз. Ар бир жагдай ар башка, ошондуктан жардамдын түрү да ар башка болушу мүмкүн: дарылоого акы төлөө, дары-дармек, кеңеш же башка уюмдарга багыттоо.

Сиздин жеке маалыматтарыңыз жана баланын ден соолугу тууралуу маалымат купуя сакталат жана сиздин макулдугуңузсуз жарыяланбайт.

Эгер кимдир бирөө фонддун атынан сизден акча сураса — бизге дароо кабарлаңыз.

Арыз берүү